Түрк учагы Суданга конууга аракет кылып жатканда аткылоого кабылды

Көчөдөгү уруштар жана атышуулар Судандагы элдешүүгө коркунуч келтирүүдө. Келишимдин мөөнөтү үч күнгө узартылганына карабай, Түркиянын эвакуациялоочу учагы конууга аракет кылып жатканда ок атылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Учак түрк жарандарын эвакуациялоо үчүн Суданга бара жаткан деп жазат The Guardian.

15-апрелден бери Суданда регулярдуу армия менен аскердик түзүмдүн ортосундагы салгылашуулар уланып жатат.

Генерал Абдель Фаттах аль-Бурханга берилген Судандын куралдуу күчтөрү жана алардын атаандашы, Ыкчам колдоо күчтөрүнүн жарым аскерлештирилген тобу батыштагы Хартумдан 12,5 чакырым түндүктө жайгашкан Нил дарыясынын жээгиндеги Вади-Сейдна авиабазасында болгон окуя үчүн бири-бирин айыпташты.

Өз кезегинде Ыкчам аракеттенүүчү күчтөр да Судандын куралдуу күчтөрүн ок атышпоо келишимин бузганы үчүн бир нече жолу айыптап, алар абадан жана артиллериялык аткылоо менен элдешүүнү бузду деп ырастады.

RSFтин башчысы, Хемедти деген ат менен белгилүү болгон генерал Мохамед Хамдан Дагало Би-Би-Сиге сүйлөп жатып, алар Суданды жок кылууну каалабай турганын белгилеп, согуш токтомоюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй турганын айтты.

Ал арада Түркиянын Коргоо министрлиги окуяны тастыктап, буларга токтолгон.

"С-130 учагыбызды жеңил куралдар менен аткылоо болду. Учак аман-эсен конду. Биздин кызматкерлердин арасында жабыркагандар жок болсо да, учакта керектүү текшерүүлөр жүргүзүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Судан 30-апрелге чейин аба мейкиндигин жапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан