Өзбекстанда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өтүүдө. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалымдалгандай, добуш берүү 10 758 шайлоо тилкесинде жүрүп жатат. Добуш берүүгө укуктуу деп 20 миллион жаран каттоого алынган.
Негизги мыйзамдын жаңы редакциясына дагы 27 беренени киргизүү, ошону менен алардын жалпы санын 128ден 155ке чейин көбөйтүү пландаштырылууда.
Мында президенттин ыйгарым укуктарын беш жылдан жети жылга узартуу боюнча пунктуну кабыл алуу сунушталып жатат.
Эгерде эл Баш мыйзамды өзгөртүүгө макул болсо, анда азыркы президент Шавкат Мирзийоевдин бийлигин узартканга мүмкүнчүлүк түзүлөт.