Талас облустук ички иштер башкармалыгы Талас районундагы мал базардагы чөнтөкчүнүн мамыга байланган видеосу боюнча маалымат берди.
"Бүгүн, 30-апрель эртең менен Талас районуна караштуу мал базардан болжол менен 25-30 жаштагы белгисиз адам "акча уурдады" деген шек менен кармалып, эл аны мал базардын батыш тарабындагы мамыга колунан жана белинен жип менен байлап коюшкан.
Аталган билдирүү Талас РИИБинин электрондук журналына катталган.
Текшерүү учурунда мамыга байланган жаран алгач өзүн Бишкек шаарынын 1993-жылы туулган Ш. уулу Э. деп тааныштырган. Бирок кийин анын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка айылынын 1989-жылы туулган А.Э. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Шектүүнүн жанынан жалпы 35 200 сом табылган.
Чөнтөкчүгө Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын 1976-жылы туулган М.И. аттуу тургуну 60 миң сомун, Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынын 1999-жылы туулган Ж. уулу К. аттуу тургуну асынып жүргөн кол сумкасынын ичинен 6 миң сомун уурдаткан", - деп айтылат маалыматта.
Окуя болгон аймакта бекитилген күзөт графиги боюнча бир нече милиция кызматкерлери иш алып барышууда.
Шектүүгө медициналык жардам көрсөтүү максатында аймактык ооруканага жеткирилип, анын саламаттыгына эч кандай коркунуч келтирилбегендиги аныкталып, милицияга алып келинди.
Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тийиштүүлүгү бар же жоктугу тууралуу иликтөөлөр жүрүүдө.