Белгилүү орусиялык модельер Вячеслав Зайцев 85 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Ага ылайык, Вячеслав Зайцевдин ичинен кан кетип ооруканага жеткирилгенден кийин каза тапкан.
Белгилей кетсек, Советтик жана орусиялык модельер, Орусиянын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Эл сүрөтчүсү Вячеслав Зайцев 1938-жылы 2-мартта Орусиянын Иваново шаарында туулган.
Ал 1962-жылы Москвадагы текстилдик институтту артыкчылык менен аяктаган. Алгач ал жумушчу аялдарга ылайык атайын кийимдин дизайнын ойлоп чыккан, бирок колдоо тапкан эмес. Ал эми атактуулукка көп жылдардан кийин гана жете алган.
2007-жылдын жай айынан 2009-жылдын ортосуна чейин орустардын Биринчи каналындагы "Модный Приговор" телеберүүсүн алып барган. В.Зайцев Людмила Путинага, Светлана Медведевага жана атактуу орус арттисттерине, спортчуларга кийимдеринин моделин даярдаган.