Өзбекстанда референдум өттү деп жарыяланды

Өзбекстанда референдум өттү деп жарыяланды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Белгилүү болгондой, кечээ, 30-апрелде Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өттү. Ага шайлоочулардын 80 пайызы келгени кабарланды.

Баш мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылат. Муну менен 65 жаштагы Шавкат Мирзийоевдин буга чейинки президенттик мөөнөтү жокко чыгарылып, дагы эки жолу шайлана алат жана ыйгарым укуктары кеңейет.

Ошол эле учурда мамлекет жарандарды минималдуу эмгек акы, турак жай жана медициналык тейлөө, ошондой эле интернет менен камсыз кылууга милдеттендирилет. Өлүм жазасына тыюу салынат.

Эске сала кетсек, 2016-жылы кызматка келген Мирзийоев 2021-жылдын ноябрында ал учурдагы Конституцияга ылайык, экинчи жана акыркы жолу президент болуп шайланган. Анын азыркы мөөнөтү 2026-жылы аякташы керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан