Сокулук районунда тургундан опузалап акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ш.А. аттуу жаран Сокулук РИИБине арыз менен кайрылган. Анда ал А.Н. аттуу жаран тиешелүү жерлерге арыз менен кайрылам деп коркутуп ири өлчөмдөгү акча талап кылып жатканын айтып, ага чара көрүүнү өтүнгөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
2023-жылы 29-апрелде Сокулук РИИБинин кызматкерлери УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте акча алып жаткан жеринен 1978-жылы туулган А.Н. аттуу жаранды кармап, убактылуу кармоочу жайына киргизген.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.