24-апрелде Якутиянын Мирный шаарында агрессивдүү өспүрүмдөр уулуна болушкан 41 жаштагы кыргызстандык Уланбек Арстановго кол салышкан. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өспүрүмдөр улуту орус эмес жигитти кыйнап, бетине калемпир баллонун чачып салышканда ага Аястан аттуу кыргызстандык досу болушат. Кийин өспүрүмдөрдүн кылмыштуу тобу Аястанды кармап алып сабап, анын дагы бетине калемпир баллонун чачып салышат.
Уулунун абалын көргөн Уланбек Арстанов өспүрүмдөрдү кууп жеткен. Бирок алар андан коркпой, бычак алып чыгып кол салышкан.
Жабырлануучунун уулунун айтымында, эки өспүрүм атасына кол салып жатканда эч ким жардам берген эмес. "Адамдар өтүп бара жатса дагы "Тез жардам" чакырышкан жок. Атам канга боёлуп, калемпир баллонунан улам көзүн колу менен жаап, өтүп бара жаткандардан "Тез жардам чакыргыла" деген өтүнүчүнө эч ким жооп берген жок", - дейт ал.
Кол салуудан улам Уланбек Арстанов сегиз жеринен жаракат алып, беш саатка созулган операция жасалган. Ага тогуз жолу кан куюлуп, жергиликтүү тургундар массалык түрдө кан тапшырууда. Учурда ал эсине келгени айтылат.
Расмий жоромолдор боюнча, агрессия көрсөткөндөрдүн бири жергиликтүү колледждин 17 жаштагы студенти. Ал биринчи кармалган. Экинчи кол салган жаран бир топ убакыттан кийин кармалган. Учурда алар түрмөдө.