Чүйдө 23 жаштагы кызды ала качкан 25 жаштагы жигит кармалды

23 жаштагы кызды ала качып бараткан 25 жаштагы жигит кармалды. Жигит кызды Бишкектен Чүйдүн Ысык-Ата районуна ала качып бара жатканда кармалганын облустук милициядан билдиришти.

Маалымдалгандай, окуя 1-майга караган түнү болгон. Анда 1998-жылы туулган Н уулу А аттуу жаран Бишкектен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаасы менен 2000-жылу туулган К.А аттуу кызды ала качкан. Бул боюнча милицияга маалымат түшкөндөн кийин "перехват" планы жарыяланган.

Анын негизинде саат 00:20 чамасында түнкү рейддик иш-чаранын алкагында шектүү колго түшүрүлгөн. Териштирүү иштери уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан