Америкалык ырчы Бейонсе салык төлөөдөн качкан деп айыпталууда 

Американын салык кызматы ырчы Бейонсени 2018-2019-жылдары 2 миллион 690 миң доллардан ашуун салык төлөгөн эмес деп айыптоодо. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Салык кызматынын маалыматына караганда, Бейонсе 2018-жыл үчүн 805 миң 850 доллар, 2019-жыл үчүн 1 миллион 442 миң 747 доллар салык жана эки жыл аралыгында 449 миң 719 доллар өлчөмүндөгү айып пул төлөгөн эмес.

Ал эми Бейонсенин жактоочусу учурда алар салык кызматы менен активдүү иштеп, жакынкы аралыкта бул маселе чечилерин билдирген. Ырчынын өкүлдөрү 868 миң 766 доллар каражат кайрымдуулукка берилгенин айтышууда.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Forbes журналы Бейонсенин байлыгы 450 миллион долларга баалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан