Кыргыз эстрада ырчылары Урмат Токомбаев менен Салидинас каймана аты менен таанылган Диана Салиева ата-эне статусуна ээ болушту. Ырчы айымды жаңы статусу менен куттуктап байланышка чыктык.
"Бүгүн, 1-майда саат 14:17де уулумду жарыкка алып келдим. Салмагы 3 килограмм 200 грамм, бою 50 сантиметр.
Жолдошум төрөт учурунда жанымда болду. Азырынча уулубузга ысым тандай элекпиз. Бир нече ысымды караштырып жатабыз, арасынан тандап коёбуз", - дейт ал.
Белгилей кетсек, "Асман" вокалдык сынагынын 2-сезонунун жеңүүчүсү Урмат Токомбаев менен Салидинас 2021-жылы 21-ноябрда баш кошушкан.