АКШда 28 жаштагы Кыргыз жараны адам өлүмү катталган жол кырсыкка шектелүүдө 

АКШнын Небраска штатында кыргызстандык жарандын катышуусундагы жол кырсыктан эки адам каза болду. Бул тууралуу Denver7 аттуу басылма жазды.

Маалыматка ылайык, 27-апрелде саат 12:15 чамасында 28 жаштагы кыргыз жараны У.К.нын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Ал Dodge Ram 3500 үлгүсүндөгү унаанын бош чиркегичи менен баштышты көздөй айдап бара жатканда жолдун кесилишинен алгач жол белгисин, андан кийин 7 жүргүнчүсү менен түндүк тарапты көздөй бара жаткан Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүлөр отурган тарабын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен улам Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү унаанын 46 жаштагы жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болгон. Калган жүргүнчүлөр жана айдоочу ооруканага жеткирилген, бирок 13 жаштагы жүргүнчү кыз ооруканада көз жумган.

Кыргызстандын жараны дагы ооруканага жеткирилип, кийин камакка алынган. Ага адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы жана этиятсыздык менен айдоо беренелери боюнча айып тагылууда.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан