Баткенде 38 жаштагы жаран тургунду алдап кетти

Баткенде алдамчылыкка шектелип 38 жаштагы жаран кармалды. Аталган маалыматты облустук милициядан билдиришти.

Кабарлангандай, милицияга апрель айында Баткен облусунун 38 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында С.С. аттуу жаран алдамчылык жолу менен ири суммадагы акчасын алдап бербей жүргөндүгүн айткан. Ошондой эле укук коргоо органдарынан ага карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Шектүү катары мурда сот жообуна тартылган 38 жаштагы С.С. аттуу жаран Ош облусунун Ноокат районунда жашынып жүргөн жеринен кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан