
Ош облусунун Ноокат районунда киши колдуу каза болгон 81 жаштагы аялдын өлүмүнө шектүү жаран кармалды. Маалыматты облустук милициядан маалымдашты.
Белгилүү болгондой, шектүү катары 57 жаштагы Ноокаттын тургуну кармалып, 2 айга абакка киргизилген.
"Ноокат РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары Ноокат районунун тургуну 57 жаштагы Т.Ш. аттуу жаран кармалды. 28-апрель күнү анын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка калтырылды", - дешти милициядан.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
Эске салсак, 27-апрелде Ноокат районунун Ак-Булак айылында кароосуз үй өрттөнүп, анын жер төлөсүндө 81 жаштагы аялдын жансыз денеси табылганы
кабарланган. Ош ОИИБнен маркум киши колдуу каза болгондугун айтышкан.