Аламүдүндө жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды 

Аламүдүн районунда аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБине Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокуратурасы тарабынан А.Б. аттуу жарандын арызы боюнча материал келип түшкөн. Ал арызында 2022-жылдын 7-июнунда Ленинское айылынын жашоочуларын чогултуп алып, бул айылга башка аймактардан келген жашоочулар өз алдынча тартип орнотуп жатканын жана бул айылда аларга орун жок экендигин айткан айылдын жергиликтүү кеңешинин депутаты М.К.га чара көрүү өтүнүчүн жазган.

Аталган окуя боюнча 2023-жылдын 2-апрелинде Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) менен кылмыш иши козголгон.

Бул факты боюнча тергөө иштеринин жүрүшүндө бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, Ленинское айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты М.К. тарабынан аймактар арасындагы кастыкты ачык билдирип, мыйзамсыз аракеттерди жүргүзгөндүгү такталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, 1979-жылы туулган М.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан