"Мураскер мышыктын образын жаратып...". "Met Gala-2023" кечесиндеги дүйнө жылдыздарынын образдары (фото)

Нью-Йоркто кезектеги "Met Gala" кечеси болуп өттү, ага дүйнө жылдыздары экстраваганттуу образдары менен келишти.

Бул жылы "Met Gala-2023" кечесинин негизги тематикасы маркум модельер Карл Лагерфельддин чыгармачылыгын эскерүү болгон.

Карл Отто Лагерфельд - немис дизайнери, сүрөтчү, коллекционер. Ал өмүр бою келишим түзгөн италиялык Fendi жана франциялык Chanel мода үйүнүн алмашкыс башкы модельери болгон.

2019-жылы 85 жаш курагында каза болгон модельер Лагерфельд ак жана кара түскө, берметтерге жана жакалуу кийимдерге жакын болгондуктан кеченин конокторду образ тандоодо буларды эске алышкан.

Рэп аткаручу жана ырчы Lil Nas X (Монтеро Ламар Хилл) дээрлик кийими жок келди. Себеби ырчы мырза денесин күмүш түскө боёп анын үстүнө берметтерди жабыштырып келген.

Рэп аткаруучу Doja Cat гримм жана ак түстөгү көйнөгүнүн узун шлейфи менен Карл Лагерфельддин мураскер мышыгы Шупеттин образын жаратып талашсыз сенсация жаратты. Анын бул кийимин жаратууга 3 500 мончок жана 5 миң саат кол эмгек талап кылынган.

Айта кетчү жагдай алардын эмгеги текке кеткен жок. Себеби актёр жана музыкант Жаред Лето Шупетти элестеткен костюм кийип чыкканы менен рэп аткаруу айымдын көлөкөсүндө эле калып калган.

Ырчы Дуа Липа кечеге 1992-1993-жылдардагы күз-кыш көрсөтүүсүндө модель Клаудия Шиффер кийген юбкасы барпайган үстү корсет ак түстөгү көйнөк кийип келген.

52 жаштагы модель, актриса жана ырчы Наоми Кэмпбелл Chanel мода үйүнүн 2010-жылы жибек кездемеден тигилген көйнөгүн тандаган.

Актриса Николь Кидман 2004-жылы Chanel №5 атырынын жарнамасына тартылган назик кызгылт түстөгү көйнөгүн кийип келген. Көйнөктү жаратууга 250 төө куштун канаты жана 3 миң кристалл керектелген.

Ирина Шейк, Пенелопа Крус, Энн Хэтэуэй, Майя Хоук, Имаан Хаммам жана Эйва Макстын образдары уникалдуу үлпөт көйнөктөрүнүн линиясын элестетет.

Модель Ирина Шейк

Актриса Пенелопа Крус

Акриса, модель жана ырчы Майя Хоук

Модель Имаан Хаммам

Ырчы Эйва Макс

Актриса Энн Хэтэуэй

Актёр Роберт Паттинсон менен сүйүктүүсү модель жана актриса Сьюки Уотерхаус кеченин эң стилдүү түгөйлөрү аталышты.

Актёр Эдди Редмэйн жубайы Ханна Багшоу менен келген.

Ал эми эркектердин эң мыкты образы рэп аткаруучу Bad Bunny менен актёр Эдди Редмэйн алары айтылууда.

Кечеге келген Флоренс Пью, Женнифер Лопес жана Анок Яйдын образдары суктанууну жаратты.

Актриса Флоренс Пью

Актриса, бийчи, ырчы Женнифер Лопес

Модель Анок Яй

Жомок каармандарынын ролун жараткан актриса Эль Фэннинг тоюнан качкан колуктунун образында келген.

Ал эми модель Жижи Хадид классикалык кара түстөгү көйнөк тандаган.

Кардашьяндардын үй-бүлөсүнөн Кайли Женнердин образы гана эң мыкты деп табылган. Жаш миллиардер башкалардан өзгөчөлөнүп кызыл түстөгү көйнөк кийип келген.

Белгилей кетсек, "Met Gala" 1946-жылы Элеонор Ламберт аттуу публицист тарабынан негизделип, 1948-жылдан баштап өткөрүлө баштаган. Аталган иш-чаранын негизги максаты - костюмдарды, кийимдерди көргөзмөгө коюп, кайрымдуулук каражатын чогултуу. Чогултулган каражаттар "Метрополитен" музейине жумшалат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан