Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматында көрсөтүлөт.
Айтылган маалыматка таянсак, жер силкинүү бүгүн, 2-майда саат 10:46да болду.
Жер титирөө Аркыт, Жылгын, Кашка-Суу, Кербен, Авлетим, Тегирмен-Сай айылдарында 3,5 балл, Ала-Бука, Достукта 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.