Бишкекте дагы бир мектеп бомба бар деген маалыматтан улам эвакуацияланды

Бүгүн, 2-майда түштөн кийин кезектеги бомба тууралуу билдирүүдөн улам №33 мектептен окуучуларды эвакуациялоо иштери кайрадан башталды. Андагы сүрөт жана видеолор социалдык тармактарга жүктөлдү.

Бул жыл башынан берки жетинчи учур.

Учурда жеринде милиция кызматкерлери иш алып барып жатканы кабарланды.

Эске салсак, ушул эле күнү саат 11:00дө ушундай эле себеп менен калаадагы №4 мектеп-гимназиясы да эвакуацияланган болчу.

Мындай окуялар соңку аптада бир нече ирет кайталанды. Бирок анын уюштуруучулары бүгүнкү күнгө чейин аныктала элек. Тиешелүү органдар иликтөө жүрүп жатканын гана билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан