Чоң Чүй каналынан жансыз дене табылды. Милиция аты-жөнүн аныктоого жардам сурады

Бишкектеги Чоң Чүй каналында март айында жансыз дене табылган. Жансыз дененин бүгүнкү күнгө чейин аты-жөнү аныкталбай жатканын ИИМден билдиришти.

2023-жылдын 24-мартында болжол менен саат 11:20 чамасында милицияга Чоң Чүй каналынын түндүк жээгиндеги Көлбаев көчөсүндө баш мээсинен жаракат алып, күч колдонулган белгилер байкалган болжолдуу жашы 35-40 жаштагы белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иштин алкагында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын издөө бөлүмү тарабынан аталган эркек адамдын жансыз денесинин өздүгүн аныктоо иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө белгилери: бою болжол менен 170-175 сантиметр, арык денелүү, бети тегерек, баш сөөгүнүн үстүңкү жаактагы 3 тиши, анын ичинде 2 маңдайкы тиши жана астыңкы жаагында катар 5 тиши жок. Ошондой эле эриндин үстүнкү бөлүгү тубаса кемтик.

Кийген кийимдери: кочкул кызыл түстөгү трикотаж свитер, ак футболка, капталдарында жашыл сызыктары, «Adidas» логотиби бар кочкул көк түстөгү спорттук шым, «TOMMY crown» урааны бар кара жинсы шым, кара шорта, кара боз байпак, кара жана ак түстөгү 42-өлчөмдөгү спорттук бут кийим.

Бүгүнкү күндө адамдын жансыз денесинин өздүгү такталбай жаткандыктан, кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын төмөнкү абоненттик номурлары аркылуу кайрылса болот: 0312 26-63-17, 0550 252-589, 0700 355-587.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан