Жалал-Абадда рейд учурунда бир нече уурулук фактыларынын бети ачылды

Жалал-Абад облусунун аймагында 27-29-апрель күндөрү "Мал ууру" аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасынын алкагында, бир нече уурулук фактыларынын бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 1997-жылы туулган С.А. 2023-жылы 22-апрелге караган түнү базар баасы 100 миң сомдук тай уурдап кармалган.

Ал эми Сузак районунун тургуну 2023-жылы 1-апрелге караган түнү базар баасы 42 миң сомдук тайын уурдап кеткендигин билдирген. Аталган кылмыш ишине шектүү катары 1970-жылы туулган С.И. айылдашы аттуу кармалган.

2022-жылдын ноябрь айында Токтогул районундагы жергиликтүү тургундун жайыттагы 50 миң сомдук букасын уурдаганга шектелип ушул эле райондун тургуну 2004-жылы туулган К.М. кармалган.

Ошондой эле 1-апрелде саат 16:00 чамасында автоунаа жуучу жайдын алдынан базар баасы 10 миң сомдук велосипедин уурдаткандыгын айтып дагы бир жаран кайрылган. Бул факты боюнча Сузак районунун тургуну 1979-жылы туулган К.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары кармалган жаран Жалал-Абад шаарынын аймагында бир нече уурулук, тоноо, мал уурулук фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталган.

Мындан сырткары рейд учурунда мал союлуучу жана эт сатуучу жайлар текшерилип, эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан