Украина КМШ менен 19 жыл мурда түзүлгөн дагы бир келишимден чыкты

Украина КМШга мүчө мамлекеттердин транспорттогу кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташуу келишиминен чыкты. Бул тууралуу 2-майда өкмөттүн Жогорку Рададагы өкүлү Тарас Мельничук билдирди.

"Украина транспорттогу кылмыштуулукка каршы күрөштө мамлекеттер ортосундагы кызматташтык келишиминен чыкты", - деп жазды ал Telegram каналына.

Мельничук келишимге 2004-жылдын 15-сентябрында Астанада кол коюлганын кошумчалады.

Украин бийлиги Орусия, Беларусь, ошондой эле КМШ алкагында түзүлгөн келишимдерден дайыма баш тартып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан