Режиссёр Аманбек Ажыматтын "Жоокер" тасмасы Япониядагы эл аралык "Meihodo" кинофестивалында баш байгени утуп алды. Бул тууралуу "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы билдирет.
Маалыматка ылайык, "Meihodo" кинофестивалына жалпы 122 өлкөдөн 3 533 тасма катышып, анын ичинен 19 тасма мыкты деп табылган. Жыйынтыгында режиссёр Аманбек Ажыматтын "Жоокер" тасмасы "Алтын байге" сыйлыгын (кошумча 10 миң доллар) жана Гран-прини (кошумча 5 миң доллар) жеңип алган.