Ырчы Кубаныч Ажыбаев 42 жашка толду: "Туулган күнүмдө апама багыштап куран окутабыз"

Бүгүн, 3-майда ырчы Кубаныч Ажыбаев 42 жашка толду. Ырчы Нарын облусунда бир туугандары менен апасына куран окутууга даярданып жатканын айтты.

"Кечээ улуу кызым өз колу менен торт жасап, өздүк майрамым менен куттуктады. Андан кийин 4 жыл мурун туулган күнүмдө жерге берилген апама багыштап куран окутуу үчүн Нарынга жол алгам. Буюрса, күндүз куран окутсак, кечинде бир туугандар менен торт жеп коёбуз", - дейт ал.

Ырчы Кубаныч Ажыбаев 1981-жылы 3-майда Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылында төрөлгөн. "Мени чоң энем өтө эркелетип өстүрдү. Тентектик кылып, күнөө менден кетсе да мага болуша берчү. Өзү да айылдагы кемпирлердин атаманы эле. Бала кезимден кыздарга жакын болуп өстүм. Айрыкча жанымда отурган Гүлзат деген кызга тийишип, аны көп ыйлатар элем. Анын апасы мектепте пол жууп иштечү, кызына болушуп мени тилдеп тажаганда чоң энеме арызданып келсе, "күнөөнүн баары сенин кызыңда" деп чоң энем өзүн урушкан", - дейт ал балалыгы тууралуу.

4-классынан тарта комуз менен ырдап, дастан айтып кароо-сынактарга катышып, байгелерди жеңип жүргөн. 2002-жылы Бишкекке келип Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук консерваториясынын элдик ыр ырдоо бөлүмүнө тапшырган.

2005-жылы ырчы Бактыгүл аттуу айымга баш кошуп, учурда 2 кыз, 1 уулду тарбиялап келишет. Бул тууралуу ал маектеринин биринде "Келинчегим Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти бүтүп Консерваторияга тапшырган, өзү комузчу.

Экөөбүз студент кезде таанышып, үйлөнгөнбүз. Келинчегим кош бойлуу убакта деле үй-бүлөлүүмүн, жакында ата болом деген сезим менде такыр болбоптур. Кызым төрөлгөндөн кийин гана үй-бүлө жоопкерчилигин сездим.

Окууну бүткөндөн кийин "жатаканадан кеткиле" дегенде батир издеп баштадык. Арзаныраак деп бир жатакана таап ал жакта жашасак, түнү менен кантала талайт. Кызымды чакпасын деп таң атканча уктабай көтөрүп чыкчумун. Кийин бажамдын үйүндө жашап жүрүп, ата-энемдин колдоосу менен 2014-жылы үйлүү болдук", - дегени бар.

Ырчы Мырзанын репертуарында "Неге сени сүйдүм, ай?", "Атасынын баласы", "Сулууларга суктанууга акым бар" аттуу белгилүү ырлары бар.

3-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан