Коңшу Өзбекстандын Бухара шаарында жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип төрт адам кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, 13 жаштагы окуучу кыз апасынан айрылгандан кийин улуу агасына өткөрүлүп берилген. Кылмыш иши ээн талаада болгон. Анда айдоочуну кошпогондо үч эркек киши окуучу кызды сабап, андан кийин зордукташкан.
Ошондой эле бул кылмыш ишине окуучу кыздын жеңеси дагы шектелүүдө. Ал кайын сиңдисин чоңдор менен жыныстык катнашка барууга мажбурлаган. Ал кызды төрт кишиге өткөрүп берген. Андан кийин алар аны ээн аймактагы кароосуз калган имаратка алып барып, үчөө кезектешип зордуктаган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, зордуктоого шектүү төрт адам тең камакка алынды.
Тергөө иштери уланууда.