Билежик – тоо коюнундагы кичинекей жашыл шаар
Акыркы убактарда Осмон империясы тууралуу түрк сериалдары аркылуу кеңири тааныша баштадык. Мына ошол атактуу Осмон империясынын тарыхы Сөгүт шаарынан башталарын билет белеңиз. Анда дал ошол Сөгүт шаарчасы жайгашкан Билежик аймагына саякат кылалы.
Сөгүт – Осмон бийлигинин эң алгачкы борбору
Билежик – Түркия Республикасындагы тоо коюнунда жайгашкан кичинекей жашыл шаар. Калкы болжол менен 75 миңге жакын (2021-жыл). Климаты Борбордук Анадолу аймагынын континенттик климаты менен Мрамор деңизинин аймагынын мелүүн климаты аралашкан. Анын түштүк жана чыгыш бөлүктөрүндө Борбордук Анадолунун континенттик климаты үстөмдүк кылат: жайы ысык жана кургакчыл, кышы суук жана жаан-чачындуу. Башка аймактарда кыш жылуу болот. Жаз жана күз көбүнчө жаан-чачындуу болот. Бул шаар 1302-жылга чейин Византия империясына, 1302-жылдан баштап Осмон империясына караган. Ал Сакария дарыясынын бир куймасынын өрөөнүндө, Сөгүт шаарчасынан 22 чакырым түндүк-батыш тарапта жайгашкан. Дал ушул Сөгүт шаарында 1231-1243-жылдары Осмон бийлиги жаралган, кийин ал Осмон империясына айланган. Тагыраак айтканда, Сөгүт – Осмон бийлигинин эң алгачкы борбору болгон. Андыктан Билежик шаарынан көптөгөн тарыхый инсандардын күмбөзүн, мавзолейин, музейлерин жолуктурууга болот.
Эртугрул Газинин күмбөзүн азыр дагы күзөтчүлөр кайтарат
Эртугрул Газинин күмбөзү жайгашкан жер туристтер үчүн маанилүү борбор болуп саналат. Эртугрул Гази Осмон империясын түзгөн Осмон Газинин атасы. Эртугрул бей Осмон империясынын негизи болгон кайы уруусунун башчысы болгон. Ал Византия императорлорунун түрктөрдү Анадолудан сүрүп чыгаруу аракетине жарым кылымга жакын туруктуу чеп болуп берген жана Осмон империясынын түзүлүшүнө чоң салым кошкон. Майдандагы эрдигинен улам Гази деген наамга ээ болгон. Ал 1281-жылы 93 жашында каза болгон. Мына ушул себептен Осмон империясынын тарыхында маанилүү инсандардын бири. Эртугрул бейдин сөөгү Осмон Гази тарабынан коюлган жана мүрзө Челеби Мехмет Iдин доорунда курулган. Мүрзө 1737-жылы Мустафа III тарабынан калыбына келтирилген. Андан кийин 1886-1887-жылдары Султан II Абдулхамиддин тушунда да оңдоп-түзөөдөн өткөн. Бул оңдоо иштеринин жүрүшүндө көрүстөндүн кире беришине эки фонтан курулган. Фонтандагы жазуу мүрзөнүн Абдулхамиттин тушунда оңдолгондугун көрсөтүп турат. Экинчи жазуу мүрзөнүн эшигинде. Мүрзөнүн айланасындагы үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн 1905-жылы экспроприация иштери жүргүзүлгөн.
Мына ушундай аракеттердин натыйжасында күмбөздүн айланасында чоң аянт түзүлүп, жыл сайын кайылар Сөгүткө Орто Азия көчмөн кийимдери менен келишип, ырлар айтылып жана ат үстүндө жүрүш жасалып, майрамдык салтанаттар өткөрүлгөн. Учурда да жыл сайын бул жерде Эртугрул Газиге арналган семинарлар, майрамдар өткөрүлүп турат.
Күмбөздүн сыртында жана ага жакын жерде Эртугрул Газинин жубайы Халиме Хатун менен уулу Савжи бейдин мүрзөлөрү бар. Ушул эле жерде Осман Газинин күмбөзү да жайгашкан. Алардан тышкары ошол учурдагы дагы бир топ тарыхый инсандардын мүрзөлөрү бар. Мүрзөнү эки күзөтчү кайтарып турат. Алар убак-убагы менен нөөмөт алмашып турушат.
Эртугрул Газинин музейинен Рим, Византия жана Осмон мезгилине таандык археологиялык экспонаттарды табасыз
Эртугрул Газинин этнографиялык музейи – башында үч кабаттуу жыгач имарат 1900-жылдардын башында курулган Осмон амбулаториясы болгон. 2001-жылы оңдоп-түзөөдөн кийин имарат музей катары пайдаланууга берилген. Музейде Билежик көчмөндөрү тарабынан колдонулган көптөгөн этнографиялык буюмдар, шаймандар, эски кийимдер, килемдер, аспаптары, идиш-аяктар, туулар, курал-жарактар жана тыйын капчыктар, токуу жабдыктары бар. Рим империясынын карапа ашкана куралдары жана Рим, Византия жана Осмон мезгилине таандык тыйындар сыяктуу археологиялык экспонаттар да бар.
Билежик шаардык музейи алгач түрмө катары колдонулган
Музей 1794-жылы эки кабаттуу жандармериялык гарнизон катары курулуп, биринчи кабаты кийин түрмө катары колдонулган. Баштапкы имарат 1921-1922-жылдардагы оккупация учурунда толугу менен күйүп кеткен. Кийинчерээк имарат кайра курулуп, биринчи кабаты кайрадан түрмө катары колдонулган. 1996-жылы абак жаңы имаратка көчүрүлгөндө эски сот имараты музей катары колдонуу үчүн Маданият жана туризм министрлигинин карамагына өткөн. Реставрация жана реконструкциялоо иштеринен кийин 2006-жылы музей катары ачылган. Имарат абдан чоң жана көп бөлмөлөрү бар, анда музейдин археологиялык жана этнографиялык коллекциялары көргөзмөгө коюлган. Экспонаттар хронологиялык тартипте жайгаштырылат. Биринчи үч бөлмөдө палеолит дооруна, неолит дооруна, коло дооруна, эллинизм дооруна, Рим империясына, Византия империясына жана Осмон империясына таандык буюмдар коюлган. Калган он бөлмөдө Осмон дооруна таандык керамикалык жана металл буюмдар, курал-жарактар, ашкана буюмдары, жасалгалар сыяктуу этнологиялык буюмдар бар. Ошондой эле Билежик аймагынын кийим-кече жана архитектура үлгүлөрү көргөзмөгө коюлган. Музейдин туруктуу экспонаттары археологиялык жана этнографиялык артефакттарды камтыйт.
Сиз көргөн түрк тарыхый тасмалардагы кийимдер тигилген устакана
Бул жерден сиз тарыхый кинолордун каармандарынын кийимдерин даярдоочу дизайнер Орхан Кожаоглуну жана анын окуучуларын кезиктиресиз. Ательеде түрк тарыхый тасмалары үчүн гана эмес, чет элдик фантастикалык фильмдер үчүн да форма даярдалат. Бул жерден тарыхый тасмалардагы кийимдерин материалдарын кармап, кантип тигилгенин көрүп, мүмкүнчүлүк болсо кийип көрсөңүз да болот.
Осмон султандарынын бардыгы чогултулган музей
Осмон султандарынын тарыхы камтылган музей – Кылымдар бою төрт континентте атагы чыккан Осмон империясынын тарыхына кызыккандар үчүн табылгыс булак. Бул жерден Осмон султандыгын башкарган ар бир инсандын тарыхын баштан-аяк окуп, портреттерин көрүп, алар курган тарыхый имараттар, катышкан согуштар тууралуу маалымат алууга болот. Эртугрул Газинин портрети жана маалыматы менен башталган тилке Вахдеттинге чейин созулат. Тарых китебинин барактарындай болгон бул тилке султандын тактыга отуруу тартибин чаташтырган адамдар үчүн так маалымат берет.
Музейди кооздоо үчүн композиттик продуктулар колдонулган, кайсы бир жери айнек, кайсы бир жери керамика, топурак, мрамор таштары менен кооздолгон. Мунуу курууга Түркиянын таланттуу художниктери катышкан. Осмон дөөлөтүнүн бардык султандарынын хронологиясы айтылган музей ачык асман алдында кооз табиятка, гүлдөргө оролгон. Бул тарыхый тилке Шейх Эдебали күмбөзүнүн жанында жайгашкан. 3,5 сотых жерге курулган музейдин узундугу 140 метрди түзүп, 36 султандын жашоосун баяндайт. Кээ бир булактарда 38 султан болгон деп айтылат.
120 жыл жашаган Шейх Эдебалинин күмбөзү
Шейх Эдебали ислам теологу, Осмон мамлекетинин руханий негиздөөчүсү, ал Осмон Газинин насаатчысы жана кайнатасы болгон. Ал 1206-жылы туулуп, 1326-жылы каза болгон деген маалымат бар. Буга таянсак, ал 120 жыл жашаган. Эдебали Осмон мамлекетинин саясатын калыптандырууда жана өнүктүрүүдө жардам берген чоң орду бар шейх. Ал Осмон империясынын биринчи кадиси болгон жана бул аймакта көптөгөн мектептерди курган. Осмон Газинин аялы Рабия Бала Хатундун атасы. Эдебали Осмондун атасы, жакын досу Эртугрул Гази менен ислам жана Анадолудагы мусулмандардын абалы жөнүндө көп сүйлөшүп турган. Андыктан Осмон Гази Эдебалынын дайымкы коногу болгон. Ошентип Эдебали Осмон Газинин устатына айланган жана Осмон империясын курууда өзүнүн кеңештери менен чоң жардам берген. Шейх Эдебалинин мавзолейи Шейх Эдебалинин жаназасы өткөн күмбөз. Ал Орхан Гази тарабынан Эски Билежик шаары түптөлгөн өрөөндө кичинекей дөбөгө тургузулган. Шейх Эдебалинин күмбөзүнүн жанында анын аялынын жана кызынын – Осмон газинин аялынын да күмбөздөрү бар.