Франциянын "ПСЖ" футболдук клубунун жетекчилиги бул сезон аяктагандан кийин аргентиналык чабуулчу Лионель Месси менен келишимди узартпайт. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, буга чейин клуб 35 жаштагы футболчуну эки жумага оюндан четтеткен. Себеби Месси дүйшөмбү күнү машыгууга барбастан үй-бүлөсү менен Сауд Арабияга эс алууга кетип калган.
Мындан улам клуб жетекчилиги Месси менен жай айында бүтө курган келишимди узартпоо боюнча чечим кабыл алган.
35 жаштагы чабуулчунун карьерасын улантуу үчүн эң ыктымалдуу жер Сауд Арабиясынын чемпионаты болуп саналууда.