Дүйнөлүк банктын президенти болуп Аджай Банга шайланды 

Аджай Банга Дүйнөлүк банктын жаңы президенти болуп шайланды. Бул тууралуу эл аралык каржы уюму маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Банга 2023-жылдын 2-июнунан тарта беш жылдык мөөнөт менен расмий түрдө кызматка киришет.

Белгилей кетсек, Аджай Банганы 2023-жылы февраль айында Дүйнөлүк банктын башчысы кызматына талапкер катары АКШнын президенти Жо Байден сунуштаган. Ал аталган кызматка жалгыз талапкер болгон.

Аджай Банга - буга чейин General Atlantic инвестициялык фондунун төрагасынын орун басары, Mastercard компаниясынын башчысы, эл аралык соода палатасынын төрагасы кызматтарында иштеген.

Дүйнөлүк банк 1945-жылы түзүлгөн. Башкы кеңсеси АКШнын Вашингтон шаарында жайгашкан. Кыргыз өлкөсү аталган эл аралык уюм менен 1992-жылдан бери иштешип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан