Белградда 9 адамды өлтүргөн 13 жаштагы өспүрүм кылмыш жоопкерчилигине тартылбашы мүмкүн 

Сербиянын борбору Белград шаарында 7-класстын окуучусу өзү окуган мектепке кол салып, жыйынтыгында 9 адам каза болгон. Бул тууралуу Сербиянын "Вечерние новости" гезити маалымдайт.

Маалыматка ылайык, трагедиялуу окуя кечээ, 3-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:40тар чамасында Владислав Рыбникар атындагы орто мектебинде болгон. Окуя болгон күнү 13 жаштагы Коста Кецманович мектепке кирер замат кароолчуну атып, андан ары тарых кабинетине бет алып коридордо жүргөн окуучуларды аткылаган. Жыйынтыгында кароолчу, 8 окуучу каза таап, 6 окуучу жана бир мугалим жаракат алган.

Атышуу башталгандан кийин мектеп директорунун орун басары "Тез жардам" кызматын чакырган, андан соң Коста Кецманович полицияга чалып, окуя тууралуу кабар берген. Полиция кызматкерлери өспүрүмдү мектептин короосунан кармап кетишкен.

Белград полициясынын башчысы Веселин Миличтин айтымында, Коста Кецманович мектепке кол салууну бир ай пландаган.

"Анын иш столунан ал өлтүрүүнү пландаган балдардын аты-жөнү, мектепке кирүү жана чыгуу жолдору жазылган кагаз табылды. Андагы сүрөттөр компьютер оюндарына же коркунучтуу тасмаларга окшоп кетет. Ал кайсы класска, кабинетке кантип кирүү керек, кайсы баланы жок кылуу керектигин өтө кылдаттык менен пландаган", - дейт ал.

Полициянын маалыматында, өспүрүм мектепке атасынын эки куралы менен кол салган. Ал эми Кецмановичтин атасы куралдарды сейфте сактап келгенин жана уулуна курал бербегенин айтат. Ал Белград прокуратурасынын чечими менен коомдук коопсуздукка каршы кылмыш жасаган деген шек менен 48 саатка камакка алынган.

Ал эми Коста Кецмановичтин жактоочусунун айтымында, өспүрүм 14 жашка чыга электигине байланыштуу кылмыш жооперчилигине тартылбайт. Учурда ал Аскердик медициналык академияда текшерүүдөн өтүп жатат.

Сербия маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, өспүрүм дарыгерлердин үй-бүлөсүнөн чыккан, үлгүлүү окуучу болгон. Кол салган учурда ал баңгизаттын таасир астында болгон деген версия дагы каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан