Соң-Көл жайлоосуна кетип дайынсыз болгон 4 жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 3-майда канадалык J.Н., E. Z. жана кыргызстандык Ш.Т., Т.Т. аттуу жарандар 30-апрелде Соң-Көл жайлоосунан Молдонун-Бели ашуусу аркылуу Ак-Талаа районуна Toyota Sequoia үлгүсүндөгү унаа менен кетип, байланышка чыкпай дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине Жумгал райондук №43 ӨКБдан авариялык куткаруу унаасы менен 4 куткаруучу жана туугандарынан 1 адам тартылган.
Издөө-иштеринин жыйынтыгында жогорудагы 4 жаран Соң-Көл жайлоосунан аман-эсен табылган. Куткаруучулар алардын карга тыгылып калган унаасын чыгарып беришип, жардам көрсөтүшкөн.
Учурда алардын абалы туруктуу.