Бүгүн, 4-майда парламентте мунапыс берүү жөнүндө мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды. Долбоорго 56 депутат "макул", 2 "каршы" добуш берди. Жалпы 73 депутат каттоодон өткөн.
Бул мыйзам долбоорун Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров демилгелеген.
Демилгечилер "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи кезекте "көмүскө" экономиканын үлүшүн кыскартууга өбөлгө түзө турганын белгилешкен.
Мындан сырткары активдердин сакталышын камсыздоого жана алардын ээлерин мамлекеттик органдардын куугунтугунан коргоого багытталганы айтылган.
Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, 100 миллион сомго чейинкиси эч кандай төлөм төлөбөйт. Андан канча ашык болсо да, бир жолку төлөм менен миллион сом гана төлөйт.