Ноокенде музоо жана козулуу кой уурдаган тургун кармалды 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда "Селсаяк" аталышындагы рейд учурунда кылмыш иштин бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокен районунун 66 жаштагы тургуну 1-апрелде саат 12:30 чамасында талаада байланып турган базар баасы 40 миң сомдук музоосун уурдатып, милицияга арыз менен кайрылган. Мындан сырткары 55 жаштагы жаран ушул жылы 20-апрелде саат 15:00 чамасында үйүнүн жанында байланып турган 1 коюн козусу менен уурдап кетишкенин билдирген.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип Ноокен районунун тургуну 1982-жылы туулган Ж.А. кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Уурдалган мал-жандыктарын Ноокен районунун Момбеков айыл аймагында бекитип багып жаткан жеринен табылып, далил буюм заты катары акт түзүлүп алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан