32 жаштагы Олимпиада чемпиону каза болду

Америкалык жеңил атлетчи Тори Боуи 32 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Олимпиада чемпионунун өлүмүнүн себептери айтыла элек.

"Биз Тори Боуинин өлүмү тууралуу кабарды кайгыруу менен жарыялап жатабыз. Биз сүйүктүү досубуздан, кызыбыздан жана карындашыбыздан айрылдык. Жаркыраган Тори карындашыбыз чемпион болгон", - деп айтылат туугандарынын билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Боуи 2016-жылы Рио-де-Жанейродо (Бразилия) өткөн Олимпиада оюндарында 4х100 метрге эстафетада чуркоодо алтын медалга ээ болгон. Ал ошондой эле 100 метрге чуркоодо экинчи орунду ээлеп, 200 метр аралыкта коло медаль жеңген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан