Режиссёр Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы "goEast" эл аралык кинофестивалында калыстар тобунун атайын сыйлыгын жеңип алды. Бул тууралуу «Кыргыз киносун өнүктүрүү» фондунан билдирет.
Маалыматка ылайык, кинофестиваль Висбаденде (Германия) 26-апрелден 2-майга чейин өткөн. Жеңүүчүлөр фестивалдын жабылыш аземинде белгилүү болгон. Жыйынтыгында Актан Арым Кубат режиссёрлук кылган "Эсимде" тасмасы негизги конкурстук программасына катышып, калыстар тобунун атайын сыйлыгын алган.
1980-жылы негизделген "goEast" кинофестивалы маданий көз караштарды илгерилетүүгө жана глобалдык маселелерди чечүүгө арналган.