Индияда үч колдуу бала төрөлдү

Индиянын Раджастхан шаарындагы төрөтканалардын биринде үч колдуу ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, баланын эки колу нормалдуу, үчүнчү колу кыскараак болуп ал далысында жайгашкан. Наристенин үчүнчү колунун үч манжасы бар. Дарыгерлер жаңы төрөлгөн ымыркайга сейрек кездешүүчү полимелия деген диагноз коюшкан, анда адамдын буту-колу ашыкча болот. Медициналык адабиятта мындай учурлар өтө сейрек кездешет.

Дарыгерлер ымыркайдын абалы тууралуу жана үчүнчү колду эмне кылышарын айткан эмес. Бирок медицинада мындай учурда ашыкча дене мүчөнү кесүүгө туура келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан