Москвада мекендешинен системалуу түрдө опузалап акча талап кылган деген шек менен кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, ушул жылдын 24-апрелинде ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө 21 жаштагы Кыргыз жараны кайрылган. Ал мурунку жигити жеке материалдарын тактап айтканда, интим сүрөттөрүн таратам деп коркутуп, көптөн бери акча талап кылып жүргөнүн айткан.
Арызында 2022-жылдын ноябрь айынан тарта ай сайын акча которуп турган, бирок чыдай албай жардам сурап кайрылганын билдирген.
Бул факты каттоого алынып, иликтөө иштери башталган. Анын натыйжасында 28-апрелде милиция кызматкерлери кылмышка шектүү 2001-жылы туулган Д.Р. аттуу кыргызстандыкты кармаган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү мурдагы сүйлөшкөн кызынан 66 миң рубль алган.