Жалал-Абад ОИИБи
тарабынан жол транспорт кырсыктарын алдын алуу, автоунаалардын айнектерине чапталган күңүрттөөчү жапкычтарды алдыруу максатында “Крутой” аталышындагы рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда аталган башкармалыктын басма сөз
кызматы билдирди.
Рейддин жүрүшүндө
861 транспорт каражаты текшерилген. Анын ичинен 87 айдоочуга жол эрежесин
бузгандыгы үчүн атайын протокол түзүлгөн. Дагы 3 айдоочуга спирт
ичимдиктерин ичип алгандыгына байланыштуу административдик чаралар көрүлгөн.
Мындан тышкары айдоочулук күбөлүгү жок 14
айдоочу, мамлекеттик номери жок автоунааларды айдаган 4 айдоочу жоопко тартылган. Ошондой эле караңгылатылган айнектери
бар 18 автоунаа токтоочу жайга киргизилген.