Кремлге учкучсуз аппарат менен чабуул: Песков Путиндин реакциясын айтты

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бүгүн, 4-майда брифингде Владимир Путиндин Кремлге учкучсуз учактын чабуулуна жасаган реакциясы тууралуу айтты.

Песков белгилегендей, Путин эң оор кырдаалдарда да дайыма сабырдуу жана токтоо болот.

"Сиздер билесиздер, ушундай оор экстремалдык кырдаалдарда президент ар дайым токтоо жана сабырдуу. Ал өз баасында буйруктарын дагы так берди. Ошондуктан бул жаатта жаңы эч нерсе болгон жок”, - деди Кремлдин өкүлү.

Ал ошондой эле бул чабуулду Киев уюштурганын жана анын артында Вашингтон турганын айтты.

Кечээ, 3-майда Кремль Орусия президенти Владимир Путиндин Кремлдеги резиденциясына учкучсуз учуучу аппараттар менен сокку уруу аракети жасаганын билдирген.

Орус бийлиги муну 9-майдагы параддын алдында президентке кол салуу аракети деп баалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан