Нурсултан Назарбаевдин мурдагы келини 7 жылга эркинен ажыратылды

Астанада экс-президент Нурсултан Назарбаевдин жээни Кайрат Сатыбалдынын мурдагы аялы Гүлмира Сатыбалды 7 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, сот Гүлмира Сатыбалдыны адам уурдоо жана ээнбаштык беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты.

Бул иш боюнча башка айыпталуучулар - Гүлмира Сатыбалдынын айдоочусу Мади Батыршаев жана адам уурдоо боюнча күнөөкөр Рашид Утебеков жети жана беш жылга эркинен ажыратылды. Бул иш боюнча жабырлануучулар Турсен Алагузов менен Айгүл Мекешева аттуу ишкерлер болгон.

Гүлмира Сатыбалды Нурсултан Назарбаевдин жээни Кайрат Сатыбалдынын мурдагы жубайы. Forbes Kazakhstan журналынын маалыматы боюнча ал өлкөдөгү эң таасирдүү ишкерлеринин тизмесине кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан