Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино биринчи жолу Кыргызстанга келди. Ардактуу конокту "Манас" эл аралык аэропортунда Кыргыз футбол бирикмесинин (КФБ) башчысы Медербек Сыдыков тосуп алды.
Маалымдалгандай, сапардын алкагында Жанни Инфантино президент Садыр Жапаров менен жолугушат. Ошондой эле Кыргыз футболдук союзунун жаңы административдик кеңсесинин ачылышына катышуусу пландалууда.
Жанни Инфантино Кыргыз футболдук союзунун президенти Медербек Сыдыковдун чакыруусу менен келгени кошумчаланды.