Ажырашкандан кийин 45 килограмм арыктап, сүйүүсүн тапкан британиялык ырчы Адель 35 жашка толду 

Бүгүн, 5-майда британиялык ырчы, аткаруучу, 16 жолку "Грэмми" сыйлыгынын лауреаты Адель 35 жашка толду.

Ырчы 1988-жылы Лондондо төрөлгөн. Толук аты-жөнү – Адель Лори Блу Эдкинс. Адель 3 жашка чыкканда атасы Марк Эванс үй-бүлөсүн таштап кетип, апасы Пенни Эдкинс кызын жалгыз чоңойткон. Ырчынын музыкалык жөндөмү бала кезинде эле байкалганы менен келечекте бул багытта карьера жасоо анын оюна келген эмес. Себеби ал өзүн абдан толук деп эсептеген.

Ырчы 13 жашка чыкканда Дасти Спрингфилд, Элла Фицджеральд, Этта Жеймстин чыгармачылыгы менен таанышат. Ошондо гана болочоктогу жылдыз белгилүү адам болуу үчүн сырткы келбет маанилүү эмес экендигин түшүнөт дагы апасынан гитара сатып берүүнү суранат. Эң кызыгы ал гитараны бат эле өздөштүрүп кеткен.

Ырчы мектептеги кечелердин биринде "Атак алып келген шаарым" ("Hometown Glory") ырын аткаргандан кийин аны досу интернет порталга жүктөп салат. Мына ушундан тарта ага белгилүү продюсерлерден иштешүү сунуштары түшө баштайт.

2007-жылы 19 жашында анын алгачкы "Тротуардагы куугун" ("Chasing Pavements") ыр жыйнагы жарык көрөт. Ошондон баштап анын аты алыска кетип тааныла баштайт.

2011-жылдын 24-январында ырчынын кезектеги "21" деп аталган ыр жыйнагынын бет ачары болуп өткөн. Андагы "Туңгуюкка карай" ("Rolling in the Deep") менен "Сендей бирөө" ("Someone Like You") чыгармалары британиялык чарттардын сап башын ээлеп, хит-параддарда бир канча убакыт 1-орундан түшпөй калган. Аталган эки ыр өз мекенинде эле эмес, Ирландия, Германия, Голландия, Жаңы Зеландия, Швейцария, Австрия, Бельгияда да хит болуп, Аделге болуп көрбөгөндөй популярдуулук алып келген.

2014-жылы өлкөнүн маданиятын жана искусствосун жайылтууга сиңирген эмгеги үчүн падыша Чарльз III Аделге Британ империясынын орденин тапшырган.

Адель 2019-жылы чыгармачылыгы гүлдөп турган маалда убактысын үй-бүлөсүнө арнай тургандыгын айтып сахнадан кеткенин жарыялаган. Ырчынын бул чечимине капа болгон күйөрмандары Интернет желесинде гүлдөр, оюнчуктар, транспорт каражаттары жана жансыз нерселер ырдап жаткан флешмобдорду чыгара баштаган. Алардын үнү акыры ырчыга жетип, 2021-жылы Адель 12 ыр камтылган "30" аталышындагы альбомун чыгарган.

Ырчынын жеке жашоосуна келсек, ал 2011-жылы Саймон Конекки аттуу жеке ишкерге турмушка чыгып, 2012-жылы Анжело Жеймс Конекки аттуу уулдуу болушкан. Ырчынын үлпөт тою 2017-жылы Лос-Анжелесте жашыруун өткөн. Тилекке каршы, Адель үй-бүлөсү үчүн чыгармачылыгын токтоткондугуна карабай, алар 2019-жылы ажырашып кетишкен.

Ал эми 2021-жылы Адель "Klutch Sports Group" америкалык спорт агенттигинин негиздөөчүсү Рич Пол менен мамиледе экени айтылып, сентябрь айында түгөйлөр мамилесин ачыкташкан.

Ырчы айым турмуш курууга даяр экендигин, жада калса сүйүктүү адамынын расмий жубайы болуу сезимин сагынганын айтып келет. Маалыматка караганда, Адель менен Рич Пол быйыл жай айларында баш кошушат.

Бала чагынан ашыкча салмак менен жүргөн Адель 2020-жылы "Оскар" сыйлыгынан кийинки Бейонсе жана Jay-Z уюштурган кечеге жаңы формада келип, баарын таң калтырган. Тактап айтканда, ырчы 45 килограмм салмак таштап, кечеге келген коноктор аны тааныбай калышкан. Ырчы жолдошу менен ажырашкандан кийин арыктоого киришкени айтылып келет.

5-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан