Сузак районунда тургундан акча талап кылган жаран изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сузак районунун 30 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызында ушул жылдын 4-майына караган түнү саат 02:00 чамасында Бишкек-Ош автожолунун боюнда жайгашкан мейманканасына өзүн кылмыштуу топтун мүчөсү катары тааныштырган жаран келип, 5 миң сом акча талап кылып, мейманкананын бир нече эшиктерин, айнектерин талкалап, 100 миң сомдук материалдык зыян келтиргендигин билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш изи сууй электе шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон Жалал-Абад шаарынын тургуну 1994-жылы туулган Н.Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.