Чүй облусунда 40 миң доллар пара опузалоого шектелип кармалган блогер Улан Бекмуратов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Блогердин баш коргоо чарасы 4-майда Аламүдүн райондук сотунда каралып, аны 2-июлга чейин камакка алуу чечими чыгарылды", - деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, блогер 2-майда кармалган. Ал 76 жаштагы жарандан акча опузалоого шектелип жатат.