Ошто милиция кызматкерлери чет өлкөлүк жарандын жоголгон акчасын жана буюмдарын таап берди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 2-майында Ирландиянын 56 жаштагы жараны Жонесс Попж милицияга арыз менен кайрылган.
Ал арызында Ош шаарынын аймагындагы троллейбуста унутуп кеткен баштыгын таап берүүнү суранган. Баштыгында кийим, ири суммадагы акча, эки паспорт, айдоочулук күбөлүк жана банк карталары болгон.
Бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын милициянын кайгуул кызматы тарабынан таап алган адамдар болсо кайтарып берүү өтүнүчү менен видеокайрылуу жолдонгон.
"Издөө иштеринин натыйжасында 4-майда жоголгон баштык табылып, ээсине кайтарылып берилди. Арыз ээси Жонесс Попж өз буюмдарын карап көрүп, баары жайында экендигин айтып милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди", - деп айтылат маалыматта.