"Сизди кумир тутабыз". Өзбекстандыктар Бишкекте Каныбек Осмоналиевге чапан кийгизишти (фото)

Бүгүн, 5-майда Бишкекте гиря көтөрүү боюнча Азия чемпиондугунун ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземде "Москва-1980" жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиевге Өзбекстандан келген делегация чапан жапты.

"Сиз Олимпиада чемпиону болгонсуз, биз сиз менен сыймыктанабыз жана ошондой эле сизди кумир тутабыз", - деди Өзбекстандын делегация башчысы.

Өз кезегинде Каныбек Осмоналиев Өзбекстандын делегациясына ыраазычылыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан