Ошто 22 жаштагы индиялык студент 6-кабаттан кулап каза болду

Ош шаарында 22 жаштагы индиялык студент өзү жашаган көп кабаттуу үйдөн кулап каза тапты. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-майда саат 16:00 чамасында 2001-жылы туулган Индиянын жараны О.Ч. Ош шаарынын Курманжан датка кичи районунда жашаган көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан кулап каза болду. Окуя болгон учурда үйдө бирге жашагандар жана бир нече мекендеш коноктор болгон.

Маркум ОшМУнун медицина факультетинин 4-курсунда окуган.

Учурда бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан