"ПСЖ" клубундагы чатак: Лионель Месси билдирүү жасады

"ПСЖ" клубунда атактуу футболчу Лионель Мессиге байланыштуу чатак орун алгандан кийин дүйнө чемпиону өзү билдирүү жасады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Лионель Месси Сауд Арабияга уруксатсыз учуп кеткени үчүн кечирим сураган. Ал мындан башка аргасы жок экенин белгилеген.

"Оюндан кийин адаттагыдай эле эс алабыз деп ойлогом. Бул сапарды мен буга чейин эле үй-бүлөм менен пландагам, аны жокко чыгара алган жокмун. Себеби, буга чейин бир нече ирет жокко чыгаргам. Командалаштарымдан кечирим сурайм жана клубдун чечимин күтөм", - деген Месси.

Эске салсак, буга чейин "ПСЖ" клубунун жетекчилиги Лионель Месси Сауд Арабияга уруксатсыз кеткендиги үчүн аны эки жумага команда менен машыгуудан четтеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан