Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин азыркы төрагасы Нурланбек Шакиевдин 2022-жылдын апрель айында качкын президент Курманбек Бакиевди реабилитациялоо өтүнүчү менен Башкы прокурорго кайрылганы айтылган каттын сүрөттөрү тарап, талкууга алынууда.
Сүрөтү тараган катта Жалал-Абад облусунун тургундары Шакиевден "Бакиевдин атын калыбына келтирип", аны реабилитациялоону суранып жатышканы айтылат. Ал кезде Нурланбек Шакиев спикерлик кызматты ээлей элек болчу.
Өз кезегинде төраганын басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев бул боюнча билдирүү жасады. Ал билдирүүсүндө кат жасалма экенин жана Шакиевден андай кайрылуу болбогонун билдирди.
"Айрым маалымат каражаттарына жана интернеттеги баракчаларда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев тарабынан фракция лидери кезинде жазылды деген жалган каттын сүрөтү тароодо.
Каттын номери, андагы Курманбек Бакиев тууралуу айтылган сунуштар жана аягында коюлган кол дагы жасалма экенин белгилейбиз. Айрыкча, чыгыш номуру 6-6651/22 болгон кат эч кандай базада жок.
Тилекке каршы, технологиянын өнүккөн мүмкүнчүлүктөрүн туура эмес багытта пайдаланып, жасалма документтерди жасоо жана жашыруун булактар аркылуу жалган маалыматтарды таратуу адатка айланганы өкүндүрөт. Андыктан төраганы жаманатты кылуу максатында ушундай жалган маалыматтарды таратып, коомчулукту дүрбөлөңгө салуудан карманууга чакырабыз", - деп билдирди Деркембаев.