Ошто сейил бакка кирип алып автоээнбаштык жасаган жигитке 15 миң сом айып салынды (видео) 

Буга чейин социалдык тармактарда Оштогу сейил бактын ичине кирип алып, автоээнбаштык жасаган жарандын видеосу тарап, талкууга алынган.

Социалдык тармактын колдонуучулары айдоочуга айып пул салып, келтирилген зыяндын ордун толтуруу керектигин жазышкан.

Өз кезегинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы унаанын айдоочусу аныкталганын билдирди. Жол тескөөчүлөр айдоочунун унаасын айып короо жайына токтотуп, 15 миң сом өлчөмүндө айып пул салган.

Ошто автоээнбаштык кылган айдоочу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан