Техастагы массалык атышуудан тогуз адам каза болду

АКШнын Техас штатындагы Даллас шаарында куралчан адам соода борборго келгендерге ок чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ок чыгаруудан 8 адам каза болуп, дагы 7 адам оор абалда ооруканага түшкөн. Ал эми адамдарга ок чыгарган куралчан адамды полиция кызматкерлери атып өлтүргөн.

Ок атуудан улам дүрбөлөңгө түшкөн адамдар дем алыш күндөрү толуп калган соода борборунан качып чыгышкан. Жыйынтыгында соода борбордо адамдар тепселендиде калган. Соода борбордун эшигин 30дан ашык полиция унаасы тосуп, окуя болгон жерге коңшу шаарлардан бир нече тез жардам унаалары келген.

Өз кезегинде Ак үй АКШ президенти Жо Байденге ок атуу боюнча маалымат берилгенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан