Ханзаада Мустафанын ролу аркылуу дүйнөгө таанылган актёр Мехмет Гүнсүр 48 жашка толду

"Даңазалуу доор" сериалында Султан Сулеймандын тун уулу ханзаада Мустафанын ролун аткарган актёр, модель жана продюсер Мехмет Гүнсүр 48 жашка толду.

Мехмет Гүнсүр 1975-жылы 8-майда Стамбул шаарында жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси мугалим болуп иштеген. Мехмет Гүнсүр Италиядагы лицейди аяктаган соң, Мармара университетинин журналистика жана массалык коммуникация бөлүмүн аяктаган.

Ал 7 жашка чыкканда "Coca Cola`нын" жарнамалык ролигине тартылып, экрандагы тушоосу кесилген. Андан соң бут кийим фирмасы менен балдар кийимдеринин жүзү болгон.

"Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" деген макал Мехмет Гүнсүргө жарашчудай, себеби актёр коммерциялык съёмкалардан сырткары лыжа жана теннис менен алектенген. Бирок спорт командасына кошулуу сунушу түшкөндө ал чыгармачылыкты тандап кеткен. Ал музыкага абдан жакын болгондуктан, түрктөрдүн "Dawn" аттуу тобунун солисти болуп, сахнага чыгып жүргөн. Талыкпаган Мехмет муну менен эле токтоп калбастан, бармен болуп иштеп жүрүп өзүнүн ресторан бизнесин түптөөгө дагы жетишет.

Мехмет Гүнсүр көп тармактарда өзүн сынап көрүп, бирок анын негизги жолу чыгармачылыкта экенин түшүнөт. 1989-жылы "Мимоза" фильмине тартылып, бирок эл оозуна алынган эмес. Ал эми 1997-жылы "Түрк мончосу" тасмасы ага атактуулук жана Анкара эл аралык кинофестивалынын "Көптү үмүттөндүргөн актёр" номинациясын утуп алган.

2003-жылы "Эми ал жоокер" тасмасына тартылып, "Алтын апельсин" сыйлыгына татыган.

Дүйнөлүк атактуулукту актёрго "Даңазалуу доор" сериалындагы ханзаада Мустафанын ролу алып келген. Ал аталган сериалдын 2-сезонунда пайда болуп, сериал сүйүүчүлөрүнүн сүймөнчүгүнө айланган.

Мехмет Гүнсүр чеберчилик менен ханзааданын ролун ийине жеткире аткарып, Сулеймандын уулунун оор тагдырын көрсөтө алган. Сериал экранга чыккандан кийин ал өз өлкөсүндө гана эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунан күйөрман топтой алган. Ошондой эле Мустафанын ролу үчүн "Elle" журналы "Мыкты актёр" деп тапкан.

Бир ирет Мехметтин досу Италиянын түштүк тарабында жайгашкан Лечче шаарына конокко чакырат. Ал бул сунушту кубануу менен кабыл алып, поездге билет алганы жөнөйт. Дал ошол вокзалдан актёр болочоктогу жубайы Катерина Монжио аттуу даректүү фильмдердин режиссёру менен таанышат.

Бири-бирин жарым сөздөн түшүнгөн түйгөйлөр 2006-жылы баш кошушкан. Ортолорунда бир уулу, эки кызы бар. 2010-жылдан бери жубайлар Италиянын борбору Римде жашайт. Бирок үй-бүлөлүк эс алууга алардын таанышуусуна себепчи болгон Лечче шаарына барганды жакшы көрүшөт.

8-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан