Ысык-Көлдө 28 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деген шек менен Монголияда издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл РИИБине Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында саат 1:00 чамасында аймакта жайгашкан эс алуу жайларынын биринде Монголиядан келген чала тааныш жаран мас абалында зордуктоого аракет кылганын билдирген. Кыздын айтымында, чет өлкөлүк жаран бетине бир нече жолу колу менен уруп, денесине залал келтирген.
Тергөө-ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип Монголиянын жараны 36 жаштагы Я.Г. кармалган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-беренеси (Зордуктоого аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Райондук соттун чечими менен ал 2 айга камакка алынган. Учурда Ысык-Көл райондук милициясынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши тергелип бүтүп, соттун кароосуна жөнөтүлгөн.
"Шектүү өз өлкөсүндө бир катар алдамчылык аракеттерди жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Ошондой эле шектүү мекендешинин паспорту менен Кыргыз Республикасынын чек арасынан мыйзамсыз өткөндүгү аныкталды.
Бул факты боюнча чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Ысык-Көл РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди" дешти милициядан.
Мындан тышкары Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесине (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) ылайык тергөө иштери башталды.